Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында балдар чычкан сасыган мектепте билим алышууда

ЖК депутатынын айтымында чычкандар мектепти жылуулоого колдонулган айнек кебезди кемиришүүдө

Нарында балдар чычкан сасыган мектепте билим алып жатышат. Мындай маалыматты парламенттин жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

Эл өкүлү имаратта башкасы аз келгенсип суук экенин, ал эми чычкандын жытынан балдардын баштары ооруп жатканын айтып берди.

- Ормон Хан айылында 360 балага ылайыкташкан Алайдар Аблес уулу атындагы мектеп жайгашкан, - деп тактады ал. Бул билим берүү мекемесинин имараты жеңил конструкция түрүндө курулган. Дубалдар ДВП материалынан жасалган, алардын ортосуна айнек кебез салынган. Суук түшкөндөн тартып бул айнек кебезди чычкандар жеп баштап, балдар тоңуп жатышат. Күн жылыганда мектептин ичи чычкан сасып, балдардын баштары ооруп чыгат экен.

Мусабекова өкмөт тойлорго мораторий киргизип, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө киришиши керектигин белгиледи.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх