Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Зомби-апокалипсис болуп кеткен жок». Уханда билим алып жаткан кыргызстандык кыз коронавирустун очогундагы азыркы абал жөнүндө айтып берди

 «Бизди биздин өлкө эмес, Кытай өзү коргойт»

Учурда, КРнын ИИМнин маалыматына ылайык, коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында Кыргызстандан билим алуу үчүн барган 14 студент бар.

Кыргызстандык Айко Мамбеталиева Уханда окуп-жашап жатканына төртүнчү жылдын жүзү болду. Ал Vesti.kg сайтына чындыгында эле алар азыр азык-түлүксүз калышканбы-жокпу, бүтүндөй дүйнөнү дүрбөлөңгө салган вирустан кантип сактанып жатышканы тууралуу учкай маек курду.

Студент кыз шаарда бардык соода түйүндөрү жабылып, жашоочулар азык-түлүксүз калгандыгы жөнүндө ар кандай маалыматтарды четке какты. Ошондой эле, вирустан чакчелекейге түшпөй, андан коркпогон элдер деле көп экенин белгиледи.

- Ар кандай: кимдир-бирөөнүн бул жакка келгенине бир эле жыл болгон - албетте, алар коркушат, деди Мамбеталиева. - Ал эми элчилик «жакшысыңарбы?» өңдүү күлкүлүү суроо бергенден башка эч нерсе кылышпайт. Башында кабылган коркунуч сезими жеке менден азыр кетти, анткени, абал турукташып калды, анын үстүнө кытай дарыгерлерине ишенимим дагы күч. Көптөгөн супермаркеттер азыр ачык, ичинде азык-түлүк толо. Эч ким ачкачылыктан азап чегип жаткан жок.

Анын айтымында, университеттер студенттерди бет кап жана термометрлер менен камсыздап, алар күн сайын дене табын текшерип турушат.

- Кечээ биз бекер тамактана алчу ашкана ачылды, коңшулаш университетте студенттерге тамак-ашты жеткирип беришет, - деп бөлүштү кыргызстандык студент. - Айтор, бул жердеги окуу жайлар студенттерге мыкты камкордук көрсөтүшөт. Биздин элчилик да ушинтет деп айтуу кыйын.

Айко айрым ЖМКлар менен соцтармактын колдонуучулары коронавирус тууралуу туура эмес маалыматтарды жайылтып жатышканын кошумчалады.

- Кайдагы бир зомби-апокалипсис жөнүндө жалган маалыматты чыгарышпаса, -деп кошумчалады ал. - Бул жакта эч ким вирустан көчөдөн кулап калып жаткан жок. Адамдарды эч ким өрттөбөй эле турат. Жыгылып жаткандар ушинтип дарыгерге кезексиз кирүүнү каалаган актерлор же башкалар болушу мүмкүн. Эч ким көчөдөн ушинтип жыгылып, дароо мүрт кеткен жок деп так кесе айта алам. Бийлик бардыгын катуу көзөмөлгө алган. Бардыгы жакшы. Бул күндөр да өтөт. Бизди мекенибиз эмес, Кытай өзү коргойт. Ал эми жаңылыктардын алдындагы ар кандай комментарийлерге караганда мекенибизде бизди жакындарыбыздан башка эч ким күтпөй эле окшойт.

ЖМКлардын маалыматтарына караганда, учурда вируска кабылгандардын саны 2 миңден ашты.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирус боюнча суроолор үчүн түз байланыш линиясы ачылды.

0312 32-30-55; 0312 32-32-02; 0550 03-36-07 номурларына телефон чалып, дүйнө жүзүндө коронавирус боюнча абал кандай, ошондой эле ооруну алдын алуу жана биринчи белгилери жөнүндө дагы бардык суроолорго жооп алууга болот.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх