Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аудиогиддердин дүйнөлүк тейлемесинде Фрунзе музейи боюнча тур пайда болот

Экспонаттарды санариптештирүү пландалууда

Шаарлар жана музейлер боюнча дүйнөдөгү эң ири аудиогиддердин izi.travel тейлемесинде Михаил Фрунзе атындагы үй-музей боюнча тур пайда болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу маалымдады.

Белгилүү болгондой, жакынкы аралыкта музейдин экспонаттарын санариптештирүү жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Фрунзенин үй-музейи тууралуу аудио жана тексттик маалымат аталган платформада азыр деле бар. Гид революционердин өмүрү жана жетишкендиктери туурасында айтып берет.

izi.travel тейлемеси туристтерге абдан пайдалуу. Тиркеменин жардамы менен дүйнө шаарларынын, анын ичинде Бишкектин дагы тарыхы жана ажайып кооз жерлери жөнүндө билүүгө болот.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх