Муфтият Кыргызстандын мусулмандарына бозо ичүүгө тыюу салдыбы?
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы шариат боюнча мындай суусундуктарды ичүүгө болбойт экенин эске салды
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында кыргыздын улуттук суусундуктарынын бири - бозо ичүүгө тыюу салган фатва (чечим) чыккан имиш. Бул тууралуу today.kg сайты жазып чыкты
Vesti.kg бул боюнча Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына кайрылып, алар бул маалыматты четке какты.
- Биз мындай фатва чыгарган эмеспиз, сайттагы маалымат чындыкка дал келбейт, - деп ишендиришти муфтиятта. - Бирок, шариат боюнча мусулмандарга бозо ичүүгө болбойт, анткени, бул ичимдик адамды мас кылат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз