Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сыйакысыз калышат». Бишкекте коомдук транспорттордогу электрондук билет системасына каршы чыккан айдоочуларга кандай жаза көрүлөт?

 Башында коомдук транспорттун айдоочулары розеткалардан сууруп же аларды такыр эле кесип салып жатышкан. Азыр абал өзгөрдү

Электрондук билет системасына каршы чыккан Бишкектин коомдук транспортторунун айдоочулары сыйакы берилбейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Тулпар» долбоорунун коомчулук жана ММКлар менен байланыш боюнча адиси Бекжан Акматбеков билдирди.

Анын айтымында бүгүнкү күндө айдоочулар валидаторлорду өчүрүп же чаптап салышкан учурлар азайган.

- Абал жакшырды, башындагыдай мисалдар азыр жокко эсе, - деп ишендирди Акматбеков. - Башында айдоочулар розеткалардан сууруп же такыр эле аларды кесип салышчу. Айдоочулар жүргүнчүлөрдүн карта менен жол кире үчүн төлөшүнө каршы чыккан бирин-серин гана мисалдар бар. Эгерде фактылар далилденсе, биз маалыматты Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына жиберебиз, алар өз кезегинде чара көүшөт - сыйакыларын алып салып же сөгүш жарыялашат.

Бекжан Акматбеков айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх