Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Спикер Дастан Жумабеков Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

 ЖКнын төрагасы Валентинага көптөгөн кыргызстандыктар күйөрмандык кылганын белгилеген

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Валентина Шевченкону UFC 247 турниринде америкалык Кетлин Чукагянды ишенимдүү жеңип, чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады.

«Кыргызстанда миңдеген адамдар Валентина Шевченко үчүн жан үрөп, анын жеңишине чын дилден ишенип жатышкан. Ал талыкпас эмгек менен машыгып, ар бир турнир, ар бир мелдешке дилгирлик, жеңишке карай майтарылбас эрк менен даярданып, жогорку чеберчилик менен күрөшөрүн биз жакшы билебиз. Өткөн жылы Валентина Кыргызстанга келип, биз аны менен спорт, өзүнүн машыгуулары жана максаттары тууралуу көпкө баарлашканбыз. Биз Валентинаны жеңиши менен куттуктап, ага ийгилик жана спорттогу албан-албан жетишкендиктерди каалайбыз»,- деген Джумабеков.

Эске салсак, Валентина Шевченко атаандашын үчүнчү раундда жеңип алган.
Белгилей кетсек, Шевченко өткөн жылдын апрель айында Кыргызстанга келип, Дастанбек Жумабековдун кабыл алуусунда болгон.

Жумабеков жолугуу учурунда Валентинанын апасы Елена менен машыктыруучусу Павлел Федотовго КРнын ЖКнын кол саатын тапшырып, Валентинага шырылган чапан кийгизген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх