Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ассоль Молдокматова: Айдар Акаевдин сөөгү Кыргызстанга коюлушу керек

Феликс Кулов экс-президент уулунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты кайда өтөрүн өзү чечиши керектигин белгиледи

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу- Айдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргызстанда өтүшү керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына коомдук ишмер жана теле алып баруучу Ассоль Молдокматова бөлүштү.

- Муң-кайгы түшкөн кезде,  мекендештерибизден айрылып жаткан маалда биз биримдикке келип, адамгерчилигибизди көрсөтүшүбүз керек, - деп белгиледи Молдокматова. - Кыргыз эли дайыма айкөл эл болгон. Аскар Акаевди эчак эле Кыргызстанга кабыл алуубуз керек эле. Айдар Акаев мекенинде көмүлүшү керек, биз муну туура кабыл алып, түшүнүшүбүз керек.

Ал ортодо экс-премьер-министр Феликс Кулов уулунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты кайда өтөрүн Аскар Акаев өзү чечиши керектигин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Айдар Акаевдин сөөгү кайда жерге берилиши керектигин атасы чечиши керек, - деди Кулов. - Жергиликтүү ЖМКлар Аскар Акаев уулунун сөөгүн Россияга көмүүнү чечкенин жазышты. Айдар, анткени ошол жакта төрөлгөн. Анын бул чечимин сый менен кабыл алуу зарыл.

Акаевдин мезгилинде иштеген өкмөттүн мурдагы мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов туңгуч президенттин уулунун сөөгү Кыргызстанда жерге берилиши керек деп эсептейт.

- Албетте, Кыргызстанда көмүү керек, - деп белгиледи Ибраимов.

Эске салсак, бүгүн, 6-февралда Айдар Акаев жүрөгү кармап, мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы белгилүү болгон.

Ата мекендик ЖМКлардын маалыматына ылайык, бир нече күн мурда узакка созулган оорудан кийин мурдагы президенттин улуу агасынын баласы Кубан Акаев көз жумуп, сөөгү кечээ Кемин районунда жерге берилген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх