Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадыр Маликов: Нике кыюуга юридикалык статус берүү шариатка каршы келбейт

Теологдун айтымында диний салттар менен үй-бүлө куруп, кийин ажырашып кеткен эркектер алимент төлөбөй кеткен учурлар көбөйүүдө

Нике кыюуга юридикалык статус берүү шариатка каршы келбейт, анткени, исламдын негизги эрежелерине ылайык, аялдар менен балдардын укугун коргойт. ЖКнын профилдик комитетинин бала асыроо жана аталыгын аныктоо жол-жоболорун жеңилдетүү сунушу боюнча эксперт-теолог Кадыр Маликов Vesti.kg сайтына ушундай пикирин бөлүштү.

- Толугу менен колдойм, - деди дин аалымы. - Акыркы кезде муфтият ушул багытта иш алып барууда. Эгерде мурда нике кыюу оозеки формада эле жүргүзүлсө, азыр нике сөзсүз Бирдиктүү реестрде катталышы керек. Ошондой эле, никелерди күбөлөндүргөн журнал дагы толтурулат. Мыйзам боюнча азыр молдо баш кошуп жаткандар ЗАГСтан алышкан расмий күбөлүгүн көрсөтмөйүн нике кыя албайт. Бул айрым жоопкерчиликсиз жарандар алимент төлөөдөн кутулуп кетпеши үчүн жасалууда.

Теолог мындай учурлар көбөйүп жатканын жана чечкиндүү чаралардын көрүүгө себеп болуп жатканын белгиледи.

- Тилекке каршы, динге ишенгендердин бардыгы эле шариаттын эрежелерин толугу менен сакташпайт, - деп моюндады Маликов. - Учурда жоопкерчиликтен качып же сабатсыздыгынын айынан атайын ЗАГСка турбай, нике эле кыйдырып алгандар абдан көп. Ал тургай, балдарына дагы апасынын фамилиясын жаздырып коюшат. Мындай учурлардын көбөйүп жатышы аталарды жоопкерчиликке тартып, аларды өз балдарын таанып, алимент төлөп турууга милдеттендирүүгө процедент болуп саналат.

Тактай кетсек, кечээ Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча ЖКнын профилдик комитетинин жыйынында депутат Исхак Пирматов бала асыроо жана аталыгын аныктоо жол-жоболорун жеңилдетүүнү сунуштаган. Парламент мүчөсү диний салттар менен баш кошуу Үй бүлөлүк кодекске ылайык расмий болуп саналбасын эске салган. Эл өкүлүнүн айтымында, муну билбеген көптөгөн кыздар ушинтип турмушка чыгышып, кийин ажырашып кеткен учурда алардын күйөөлөрү жоопкерчиликтен качып кетишүүдө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх