Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандан Кытайга жардам: Аскар Салымбеков азырынча 50 миң бет кап сатып ала элек

«Дордой» ассоциациясынын башчысы коронавирустан жабыркагандарга балким материалдык жардам көрсөтөрүн билдирди

«Дордой» ассоциациясы кытай элине коронавирус менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү ниетинде тоскоолдуктарга учурады. Ассоциациянын президенти Аскар Салымбеков пландалган 50 миң бет капты азыр сатып алууга мүмкүн болбой жатканын Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө боюнча медициналык бет каптар өзгөчө көзөмөл алдында, - деп белгиледи ал. - Биздин дарыканаларда алар мындай өлчөмдө сатылбайт. Биз Казакстанга жана башка коңшу мамлекеттерге бардык, ал жакта дагы дүңүнөн сатышпайт экен. Бир индиялык компанияны тапканбыз, азырынча сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз.

Аскар Мааткабылович эгерде медициналык бет каптарды ала албай калышса, ассоциация Кытайга материалдык жардам көрсөтөрүн кошумчалады.

- Азыркы учурда Кыргызстандын ӨКМ кыргыз-кытай достугу коому менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, - деди ал. Эгерде, мынча бет кап табылбаса, анда коронавирустан жабыркагандардын эсебине акчалай каражат которобуз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх