Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ооздорун скотч менен чаптап, дааратканага камап коюшкан»: Ош шаарында ата-энелер бала бакчанын тарбиячысына арызданышууда

Окуядан кийин балдар бала бакчага баргандан коркуп калышкан

Ош шаарындагы «Бостон» бала бакчасында даярдоочу тайпанын тарбиячысы балдарга өтө орой мамиле жасайт. Бул тууралуу балдары аталган бала бакчага барган ата-энелер айтып чыгышты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун атына жазышкан кайрылууда алар С.Г. аттуу тарбиячынын уулу төрт баланы дааратканага камап, ооздорунт скотч менен чаптап салган.

Ата-энелердин айтымында аталган окуядан кийин балдар бакчага баруудан коркуп калышкан.

Мындан сырткары, алар балдарга алгылыктуу тамак-аш берилбегенин жана мыйзамсыз негизде акча чогултушарын билдиришкен.

Өлкө башчынын атына жолдонгон кайрылууга 17 ата-эне кол койгон.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган кайрылууга кийинчерээк жооп берилерин Vesti.kg сайтына маалымдашты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх