Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Кыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү аяктайт

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрүн колдонуп жүргөн айдоочулар аларды жаңы үлгүдөгү күбөлүктөргө алмаштырууга тийиш

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы эртең, 15-февралда 2019-жылдын 10-июнунан декабрына чейин берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү аяктарын маалымдады.
Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрүн колдонуп жүргөн айдоочулар аларды жаңы үлгүдөгү күбөлүктөргө алмаштырууга тийиш.

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү 2019-жылдын апрель айында токтотулган. Жаңы күбөлүктөр 9-декабрдан тарта гана бериле баштаган, бул убакыт аралыгында убактылуу күбөлүктөр берилген.

Эски үлгүдөгү күбөлүктөр алардын иштөө мөөнөтүнүн аягына чейин жарамдуу, бирок, убактылуу айдоочулук күбөлүктөр сөзсүз түрдө алмаштырылышы керек.

МККнын маалыматына ылайык, айдоочулук күбөлүктөрдүн жаңы үлгүсү жакшыртылган дизайн менен сунушталып, материалдын өзүнүн дагы жогорку сапаты менен айырмаланат.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы мурдагыдан арзан - эскилер 1 миң 305 сом турса, жаңыларын эми 732 сомго алууга болот.

МККнын басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх