Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыктык сактоо министрлиги дарыканалардагы медициналык бет каптардын баасын тескей албайт

Бишкектиктер коронавирустан пайдаланып, киреше табууну көздөгөн фармкомпанияларга арызданышууда

Кытайда тарап жаткан коронавируска байланыштуу Бишкектин фармкомпаниялары медициналык бет каптардын баасын жогорулатып жиберишти. Бул тууралуу аткаминерлер дагы, шаардыктар дагы коңгуроо кагышууда.

Бүгүн Фейсбук социалдык тармагында бет каптарды 15 сомдон сатып жаткан дарыканага арызданган кезектеги билдирүү пайда болду.

 «Бет каптардын айланасында түзүлгөн дүрбөлөң такыр эле тынчыбай койду! Бүгүн Көк-Жар айылындагы дарыканага кирсем, кара түстөгү бет каптарды 15 сомдон сатып жатышыптыр! Башка түс жок. Дарыканачы кара түскө суроо-талап жогору болуп жатканын, ден-соолук маанилүүрөөк деп баасына деле эч ким көңүл бөлбөрүн түшүндүрдү. Бет каптардын баасы көтөрүлбөш керек деген сыяктуу тапшырма берилип жаткандай болбоду беле? Көк-Жардагы дарыкананы текшерүүнү талап кылам», - деп жазган Aygul Ayguleva аттуу колдонуучу «Черный список» фейсбук группасында.

Vesti.kg КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментин башчысынын орун басары Руслан Акматовго кайрылып, ал министрлик дарыкана продукцияларынын баасына таасир эте албасын түшүндүрдү.

- Бүгүнкү күндө бизге бет каптардын баасына байланыштуу көптөгөн арыздар түшүүдө, - деп белгиледи ал. - Биз жеткирип берүүчүлөр жана фирмалар менен жолугуп, бет каптардын баасын көтөрбөөнү сурандык. Бардык дарыкана мекемелерине дагы көзөмөл кылабыз, бирок, бизде так тескей турган рычаг жок. Биз монополияга каршы органга бул абалды жөнгө салуу боюнча бир катар жолу кайрылганбыз.

Руслан Орозбаевичтин айтымында жарандар аларга дарыканаларда бүгүн бет каптар 10 сомдон сатылып жатканын билдиришкен.

- Негизи, бул туура эле баа, анткени, бет каптар азыр рынокто абдан аз калды, - деп кошумчалады. - Азыр бет каптар тыюуга байланыштуу өлкөгө ташылган жок.

Жыйынтыкта ал министрлик фармкомпанияларга бир адамга 10дон ашык бет кап сатпоону сунуштаганын кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх