Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар Кытайга болгон карызды төлөшүүгө каражат чогултушат

Акча кайда чогултулары азырынча талкууланып жатат

Кыргызстандыктар Кытайдан алынган насыяларды жабуу үчүн каражат чогултушмакчы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурманыбыз Сапарбек Алымкулов айтып берди.

- Биздин өлкөнүн карыздары көп, биринчи кезекте Кытайдын алдындагы карыз турат, бул кредиттер коомдогу абалга терс таасирин тийгизүүдө, - деп белгиледи ал. - Бул жагдай биздин эл менен Кытай жарандарынын ортосундагы араздашууга чейин алып барып жатканы сыр эмес. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз мамлекетке жардам беришибиз керек. Эгерде ар бир жаран аздан болсо да акча чыгарса, насыялар эртээрек төлөнмөк. Мен бул оюмду социалдык тармактарда жазып, аз да болсо мага кошулган адамдарды таптым. Биргеликте биз кайдыгер эмес мекендештерибизди тарта алабыз.

Алымкулов акча каражаты кандайча жана кайда чогулары азырынча чечиле электигин, бирок, бир нече вариант бар экенин айтып берди.

- Биздин өлкөдө акча максаттуу пайдаланарына көбү ишенбейт, Дача-Судагы кырсыктан кийин чогулган акча каражаты менен ушундай болбобуду, бирок биз бардыгын болушунча ачык кылганга аракет кылабыз, - деп ишендирди ал. - Азыр биз элдер онлайн режимде канча акча чогулганын жана алар кайда кеткенин көзөмөлдөп тура алгандай Улуттук банкта атайын эсеп ачсакпы деп ойлоп жатабыз. Же болбосо акча түз эле кредит берген кытай банктарына кеткидей кылып Бүткүл дүйнөлүк банкка которуп турса болот. Биздин акцияга катышууну каалагандар болсо биз бул маселелерди дагы талкуулай алабыз.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Бермет 28.02.2020 00:07
Ай карапайым эл эмнесин берет,оздоруну кредиттерин жабалбай убара...мамлекеттин кредитит ичип жегендер толошсун!ошолор ойлонсун! Мамлекеттин карызын эл толой курган болсо, 120 элитанын зарылы эмне?
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх