Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ухандан Бишкекке кайтып келген кыргызстандык кыз карантинде өткөргөн күндөрү туурасында айтып берди

«Телефондорду алып коюшту, карта ойноп жаттык. Ата-энелерибиз менен медкызматкерлер аркылуу байланышчубуз»

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытайдын Ухань шаарынан башка студенттер менен бирге алгач Казакстанга, андан кийин Кыргызстанга эвакуацияланган кыргызстандык Айко Мамбеталиева 14 күн карантинде кармалды. Ал Vesti.kg сайтына маек куруп, оорукананын шарттары, бул күндөрү эмне менен алек болушканы туурасында айтып берди.

Айко Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги эвакуацияны ыкчам түрдө уюштурганын белгиледи.

- Элиликтин өкүлдөрү бизге 30-31-январь күндөрү улам-улам телефон чалып, даярдыгыбызды сурай башташты. Башкача айтканда, каалаган убакытта кетүүгө даяр турушубуз керек экенин алдын ала бизге түшүндүрүштү. 1-февраль күнү кечинде биз аэропортко сапар алдык. Биздин элчилик чындыгында эле бардыгын абдан ыкчам уюштурду. Ухандын студенттеринин атынан аларга терең ыраазычылык билдирем. Билим берүү жана илим министрлигиндеги Чынара Мааткеримовага, ошондой эле саламаттыкты сактоо министрлигиндеги Нурлан Гулбаевге ата-энелердин атынан өзгөчө рахмат,- деди ал.

Карантин маалында студенттерге телефон колдонууга тыюу салынган. Алар ар кандай оюндарды ойноо менен убакытты кыскартышкан.

- Шарттар жакшы болду, - деп белгиледи кыргызстандык кыз. - 3 маал тамак берилип жатты. Биз менен саламаттыкты сактоо министрилигин өкүлү тынымсыз байланышып жатты. Колунан келишинче биздин суранычтарды аткарып жатты. Телефону жок биз мафия, крокодил, карта ж.б. ар кандай оюндарды ойноо менен убакыт өткөрчүбүз. Уюлдук телефондорду маалыматтардын чыгып кетпеши үчүн жана биздин коопсуздугубуз үчүн алып коюшканын түшүндүрүштү.

Студенттерде ата-энелери менен медкызматкерлер аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү болгон.

- Жалпы бир телефон (стационардык) бар болчу жана биз керек болгондо аны менен жакындарыбызга чала алчубуз, - деп сөзүн улантты Айко Мамбеталиева. - Мындан сырткары, бизге керектүү нерселерди кагазга жазып, медкызматкерлер аркылуу ата-энелерибизге жиберип жаттык. Саламаттыкты сактоо министрлиги өз кезегинде биздин ата-энелерибиз менен тынымсыз байланышта болуп турду.

Сөзүнүн аягында маектешибиз карантинде кармалган бардык студенттер ден-соолуктары жайында экенине күмөндөрү болбогонун белгиледи.

Эске салсак, Кытайдан аларды атайын борт аркылуу казак тараптын жардамы менен Нур-Султанга алып келишкен.​

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх