Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#Reакциянын ордуна кыргызстандыктар интернетте #Reформа аттуу жаңы чакырык ташташты (видео)

«30 жылдан бери биз баягы эле сөздөрдү угуп келебиз… Жаңылануу мезгили, аракет кылчу мезгил»

Кыргызстан ыкчам реформаларга муктаж экени жөнүндө видео тасма тартылды. Видео ютуб-каналда #Reформа хештеги менен пайда болгон (буга чейин Бишкекте #Reакция урааны менен митингдер өткөн- ред).

«30 жыл биз ишенип, оңолуу качан болорун күтүп келебиз. 30 жылдан бери баягы эле сөздөрү угуп келе жатабыз...
30 жылда биз чоңойдук… Эми балдарыбыздын кулагына кесме илдирбейбиз! 2020! Жаңылануу мезгили, аракет кылчу мезгил»», - деп айтылат тасманын акырында.

Видеодо Кыргызстандын саясий абалынын фонунда чоңойгон жаш бала чоңойгонун чакылдырылган. Баланын бөлмөсүндөгү сыналгынын экранында кезек менен КРнын бардык президенттеринин сүйлөгөн сөздөрү коюлат. Акырында телевизорду бойго жеткен эркек өчүрүп салат.

Аталган ютуб-канал кимге тиешелүү экени белгисиз.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх