Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

8-мартта Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы салттуу жүрүш өтөт

Уюштуруучуларынын бири айрым адамдар акцияга жеке ураандары менен чыгышы мүмкүн экенин жашырган жок

Гендердик зомбулукка каржы жыл сайын өтүүчү жүрүш Бишкекте 8-март күнү өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына иш-чаранын уюштуруучусу Жанна Араева билдирди.

Жүрүш мурдагыдай эле каттам менен өтөрү такталууда: акциянын катышуучулары «Россия» кинотеатрынын жанынан чогулуп чыгышка карай бет алышат. Жүрүш «Апрель революциясынын курмандыктары» эстелигин алдынан аяктайт. Тынчтык акциясы 12:00дөн 14:00гө чейин өтмөкчү.

Араеванын айтымында алардын жалгыз максаты - аялдарга карата зомбулуккка каршы чыгуу. Бирок, жүрүштүн уюштуруучусу өткөн жылдагыдай эле айрым жарандар өз ураандары менен да чыгышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Мисалы, мурдагы акцияда айрым активисттерде ЛГБТ-символикалары байкалган

- Жүрүштүн акырында гендердик зомбулукка каршы аракеттенүүгө арналган флешмоб өтөт, - деди Араева. - Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү лекция окушат. Акция өткөрөрүбүздү Бишкектин мэриясына кабарлап койдук.

Тактай кетсек, Бишкекте жыл сайын 8-мартта жарандык активисттер аялдардын укуктарына арналган маршка чыгышат. 2019-жылы ага 400гө жакын адам катышкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх