Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күрөш боюнча Азия чемпионатындагы Кыргызстандын «түрү суук» желеги соцтармактардын сынына калды (фото)

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги бул Индияда өткөн иш-чаранын уюштуруучуларынын мүчүлүштүгү дешти

«Черный список» Facebook-группасында колдонуучу Араке Майданбеков Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында илинген Кыргызстандын желегинин сүрөтүн жарыялады. Көптөгөн кыргызстандыктар желектин көрүнүшүн сынга алышкан, анткени андагы сүрөттүн оригиналдан айырмасы бар экени ачык эле байкалып турат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттин бул иш-чарашынын уюштуруучуларынын мүчүлүштүгү экенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Аталган иш-чарага Индиянын күрөш федерациясы жооптуу болчу, - деп такташты мекемеде. - Алар чемпионатка катышкан бардык өлкөлөрдүн желектерин сатып алышат. Биздин өкүлдөр бул катачылыкты сыйлоо аземи учурунда гана байкашкан.

Мамлекеттик агенттик мындан ары мындай катачылыкка жол беришпесин убадалашты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх