Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирустан улам кичи ажылыкка зыярат токтотулду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жагдай боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Сауд Аравиясы убактылуу кичи ажылыкка зыяратты токтотту. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар билдирди.
Мындан сырткары, коронавирус жайылган өлкөлөрдүн жарандарына дагы убактылуу Сауд Аравиясына кирүүгө тыюу салынды. Өлкө бийлиги өлкөлөрдү жана эл аралык уюмдарды, өзгөчө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна вирус менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ал ортодо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул маалымат боюнча азырынча ырастоо алыша электигин Vesti.kg сайтына маалымдады.

- Биз бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, - дешти мекемеде.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх