Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада коюла турган Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду

Эстеликтин бийиктиги үч метрден ашат

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. «Бишкек баатыр» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн айтымында эстеликтин бийиктиги 1, 5 метрге жакын пайдубалын эсепке албаганда 3 метрден ашат. 

Эстеликтин скульптору - шаардык мэрия 2019-жылы Бишкек баатырдын эстелигинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык сынактын жеңүүчүсү Адиль Сейталиев.

Эстелик Чүй жана Эркиндик бульварынан алыс эмес жерде жайгашкан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин чыгыш тарабына орнотулат.

Учурда долбоор «Бишкекбашкыархитектура» МИ менен макулдашуу баскычында турат. Керектүү жол-жоболор аяктаган соң, марттын аягында эстеликтин пайдубалын куруу иштери башталат.

Мэрия Бишкека

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх