Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өзгөндө коронавирус жуктурган адам бар» деп тамашалаган медайым жумушунан кетти

Ал жалган маалымат таратканына өкүнүп, кечирим сурады

«Кыргызстанда коронавирус жуктурган адам аныкталды» деген маалыматты тараткан Өзгөн аймактык ооруканасынын медайымы өз каалоосу менен жумушунан кетти. Бул тууралуу «Super.kg» порталы кабарлады.

«Мен, Нурила Жамантай кызы. Өзгөн аймактык ооруканасында иштейм. Ушул эле райондо жашайм. 28-февралда тамашалап, соцтармактарда жалган маалымат таратканыма өкүнүп жатам. Бул маалымат чындыкка коошпойт. Кыргызстандыктардан кечирим сурайм», - деп ал коомчулукка кайрылган.

Нурила Жамантай кызы 29-февралда жумушанан кетүү боюнча арыз жазган.

Тактай кетсек, жакынкы күндөрү социалдык тармактарда Ош облусунун Өзгөн районунда коронавирус жуктуруу учурлары катталганы тууралуу маалымат тараган.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх