Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги митингдин катышуучусу: Бизге миң сомдон төлөп беришти (видео)

Эркек киши аларды Лев Толстой көчөсүндөгү мыйзамсыз эмгек биржасынан аянтка алып келишкенин айтып берген

Интернет айдыңында видео тарап, анда белгисиз эркек киши ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингине чыгууга аларга 1000 сомдон төлөп беришкенин айтып бергенин көрүүгө болот.

Анын айтымында, аянтка жалпысынан акча төлөнгөн 17 адамды алып келишкен.

- Бизди алып келген кишинин аты ким экенин билбейм, - деген ал. - Бизди Лев Толстой көчөсүнөн маршрутка менен алып келишти. 17 киши бардыгы.

Эске салсак, кечээ Бишкекте 1000ден ашык киши катышкан митинг болуп өттү. Садыр Жапаровдун тарапташтары аны камактан бошотуу талабы менен чыгышкан.

Иш-чара 11:00дө башталган. Митингчилер аймактардан келишкен.

18:00гө жакын чогулгандарды кууп таратуу аракети башталган. ИИМ акциянын уюштуруучулары элди башкара албай, коомдук тартипти бузууга жол берилгенин билдирген.

Жыйынтыкта медициналык жардам сурап жалпысынан 22 адам кайрылган. Алардын 2 жай тургундар болсо, 18 - күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Ошондой эле, кечээ борбор калаанын райондук ички иштер башкармалыктарына митингдин 166 катышуучусу жеткирилгени белгилүү болгон. Алардын ичинен 162 жаран өздүгү аныкталгандан кийин бошотулган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх