Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси: Кыргызстанда коронавирус жок деген сөзгө дагы эле ишенип жатасыңарбы?

Кылычбек Султан Бишкекке Гонконг шаарынан учуп келген кызды карантинге киргизишпегенин көргөнүн айтып чыкты

КРнын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан коронавирус тарап жаткан шартта Бишкек менен Алматынын аэропортторундагы көзөмөл канчалык айырмаланарын айтып чыкты.
Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасындагы мурдагы дипломат жакында эле Алматы аркылуу транзит менен Кыргызстанга учуп келгени тууралуу баяндаган:

«Биздин учак Алматыга конгондон кийин жүргүнчүлөрдүн бирин дагы кабинадан чыгарышкан жок. Ар бир жүргүнчүнү атайын жабдылган медициналык адис текшерип, ошондон кийин гана чыгарышты.

Бишкектин аба майданында болсо бардыгыбыз дароо эле чыгып кеттик. Траптын жанында мурдагыдай эле аэропорттун бир нече кызматкери туруптур.

Жүздөгөн жүргүнчүлөр алардын жанынан «микробдору менен алмашып» туруп өтүп кетишти. Андан соң бул жүргүнчүлөр биринчи кабатка түшүп, ВИП-чимкириктерди, түкүрүктөрдү, капчыктарды, токолдорду жана айрым татыктуу аткаминерлерди тосуп турган костюм-шымчан жигиттердин жанынан басып кетишти.

Бул ВИП-кызмат менен жүздөгөн жүргүнчүлөрдүн ортосунда «кымбат баалуу микробор менен» табигый алмашуусу болуп өттү. Ошондон кийин гана, чек ара көзөмөл залына жеткенде анан тепловизорчон эки «инопланетянин» бир секундада бир нече адамды текшерип баштады..

P.S. Сиздер дагы эле Кыргызстанда COVID-19 коронавирусу жок дегенге ишенип жатасыздарбы?», - деп жазган Кылычбек Султан».

Ошондой эле ал Казакстанга учкан жүргүнчүлөргө алар казак өлкөсүндө жашай турган жердин дарегин жана байланыш маалыматтарды жазууга милдеттендирген анкеталарды таратышканын айткан. Бишкекке келгендерге мындай анкеталар берилген эмес.

«Казакстанда кээ бир мамлекеттен келгендерди милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинге киргизишет экен. Мындай өлкөлөрдөн онго жакын экен, алардын арасында Гонконг да бар.

Бишкекке учкан самолеттун ичинде Гонконгдон келе жаткан жүргүнчү бар болчу. Мен аны Бишкектен карантинге киргизишет го деп божомолдогом. Бирок, ал тез эле чек ара көзөмөлүнөн өтүп, багажын алып, Караколго жөнөп кеткенин көрүп таң калдым», - деп жазган ал.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх