Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кью Спорт»: Биз каналдарды өчүргөн эмеспиз, бизде мындай мүмкүнчүлүк да жок

Чырлуу телеканал КРнын рыногуна келиши тууралуу айтып берди

«Q Спорт» - бул Кыргызстандын рыногуна сапаттуу мыйзамдуу контентти көрсөтүү максаты менен келген жаңы канал. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына берген маегинде компаниянын өкүлү Бакыт Абакиров бөлүштү.

- Биз бул жакка укуктарды алып-сатуу үчүн келген жокпуз, биз жогорку деңгээлдеги канал түзгүбүз келет!, - деп белгиледи ал. Биз кыргызстандыктарга футболду чагылдырууну токтотуп, каналды өчүрүп салган жокпуз, ушуну белгилеп кеткибиз келет. Бизде мындай мүмкүнчүлүк да жок. Биз «Англиялык премьер-лига», «Чемпиондор Лигасы» жана «Европа Лигасын» чагылдыруу укугунун ээсибиз.

Абакиров канал өткөн жылы бул турнирди алып көрсөтүү максатында телевизиондук операторлорго кайрылышканын кошумчалады. «Q Спорт» каналы укук ээси деп жарыялынып, аларга кызматташтык сунушталган.

- Учурда маселе чечилүүдө, - деп кошумчалады ал. Ала ТВ менен келишим түзүлдү. Башка ири ТВ-операторлор менен чечим кабыл алынып жатат. Жакынкы аралыкта бардык керектүү документтерге кол коюлгандан соң толук маалымат берип кетебиз. Учурда түз алып көрсөтүү жараянанын тездетүү үчүн биз чет өлкөлүк канал катары документ өткөрдүк. Жарнамасыз контент.

Мындан сырткары, каналдын өкүлү уруксат берүүчү документтерге байланышкан жагдай боюнча дагы түшүндүрмө берди.

- Уруксат документтери тууралуу айтсак, азыр процесс жүрүп жатат, - деп ишендирди Абакиров. - Азырынча каналды каттоо иштери жүрүүдө. Ала ТВга биз чет өлкөлүк канал катары документ өткөрдүк, жарнамасыз, күйөрмандар оюндарды көрө алгандай.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх