Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялдар маршынын уюштуруучусу: РИИБ провокаторлорго маалымат берип жатат окшойт

Аялдардын укуктарын колдоо акциясынын демилгечилери сотко кайрылууга даярданышууда

Милиция кызматкерлери Бишкектеги аялдарга карата зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларын кармоого укуктары жок болчу. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына үзгүлтүккө учуруган иш-чаранын уюштуруучусу Гуляим Айылчы билдирди.

Анын айтымында тартип сакчылары бир эркек адамды бетке уруп, демонстранттардын буттарын тебелеп, психологиялык зомбулук көрсөтүшкөн. Активист айым милиция кызматкерлери чагымчылчык кылдарга көңүл бурбай, жүрүштүн катышуучуларын кармап башташканына айран-таң.

- Акырында бизди милиция кызматкерлери кармап кетишерин биз эч күткөн эмеспиз, - деди Айылчы. - Бет капчан адамдар бизди коркутканга аракет кылышып, кетип калышат го деп тургам. Бир дагы ЛГБТ-желек жок болчу. Бардык плакаттар аялдар менен зомбулук жөнүндө гана болчу. Милиция кызматкерлери да, провокаторлор да бирдей эле басып жүрүштү, бирок, аларды эч ким кармаган жок. Транспаранттарыбызды, футболкаларыбызды, дегеле бир айдан ашык көп убакыттан бери жасагандарыбыздын баарын жөн гана тебелеп салышты.

Анын пикиринде чагымчылдык кылгандар милиция менен алдын ала сүйлөшүп алышкан, андыктан, активист айым сотко кайрылмакчы.

- Мен жөн гана улутчул-патриоттук топтор эмес экенине бөркүмдөй ишенем, - деди ал. - Жалданма адамдар же милиция кызматкерлери болушу мүмкүн. Жүрүштү кууп таратуу буйругу кайдан келди билбейм. Жогору жактан келгени, айтор түшүнүктүү. Эгерде бул БИИБдин башчысынын буйругу болсо, аны кызматтан алып, камоо керек. Биз жабырлануучу болуп эсептелебих, бирок, протоколдо бизди тартип бузуучулар деп көрсөтүп коюштую Жакынкы күндөрү биз арыз менен кайрылабыз.

Иш-чарадан кийин Свердлов райондук РИИБнын басма сөз кызматы жүрүшкө уруксат алынган эместигин билдирген. Бирок, уюштуруучулардын айтымында, акцияга бьир күн калганда алар Свердлов районунун акимине, Свердлов РИИБнын жетекчисинин орун басарына жана Бишкек мэриясына кабарлашкан.

- Свердлов РИИБнин жетекчисинин орун басары биз менен байланышып, биздин жүрүшүбүздүн каттамын тактаган. Ал муну милиция биздин коопсуздугубузду камсыздоону каалары менен түшүндүргөн, - деди активист айым. - Кечээ ызуу-чуу чыгарган провокаторлорго РИИБ маалымат берип жатат деген божомолубуз бар. Жыйынтыкта биз акция Жеңиш аянтында өтөөрүн билдирдик. Мен жеке өзүм Свердлов районунун акими менен сүйлөшүп, пландарыбыз туурасында айтып бергем..

Тактай кетсек, кечээ 8-мартта сексизм жана аялдарга карата зомбулукка каржы жыл сайын өтүүчү жүрүш болуп өтмөк. Ак калпак кийген бет капчан 30га жакын эркек жүрүштүн катышуучуларына кол салып, алардын плакаттарын айрып, транспаранттарын сындырып салышкан. Жыйынтыкта тартип сакчылар акциянын 70ке жакын катышуучусун кармап, милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Чагымчыл кылгандарды кандайдыр бир себептен алар кармашкан эмес.

Бүгүн, 9-мартта Свердлов райондук ИИБ чагымчыл кылган 5 адамды кармашканын билдирди.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх