Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ШИИББнын жетекчилиги: Бүгүн митингде провокаторлорду гана кармайбыз

Эрлан Атантаев милиция аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч жүрүштө жарандардын коопсуздугун камсыздай турганын билдирди

Милиция аялдардын укуктарын коргоого арналган бүгүкнү тынч жүрүштө коопсуздукту сактап берет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИББнын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев билдирди.

Анын айтымында милиция кызматкерлери чагымчыл аракеттерди жасагандарды гана кармайт.

- Биз тынч жүрүштө коопсуздукту сактайбыз, - деп ишендирди ал. - Чагымчылдык болбосо эч ким кармалбайт.

Ал ошондой эле тартип сакчыларында алдын ала даярдалган автобус жана автозактар жок экенин кошумчалады.

- Өткөн митинг 8-март, майрам күнү өткөндүктөн автобустар даяр турган, - деди ал. - Бул коопсуздук эрежелери боюнча.

Эске салсак, бүгүн 10-мартта, саат 12:00дө Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аялдардын укуктарына арналган тынч акция өтөт.

Акциянын катышуучулары 8-мартта өткөн тынч жүрүштүн катышуучуларына кол салгандардын бардыгын аныктап, жоопкерчиликке тартууну талап кылышмакчы. Ошондой эле, ак калпакчан уюшкан кылмыштуу топту таап, жазалоо талабы да коюлууда.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх