Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кырк чоро» эми өзгөрөт. Кыймылдын лидери мындан ары мыйзамсыз акциялар менен агрессия токтой турганын билдирди

Руслан Адылов чырлуу кыймылдын аброюн кантип жакшыртууну чечишкени жөнүндө айтып берди

«Кырк чоро» коомдук кыймылы кайрымдуулук ишмердүүлүгү менен алектенүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына берген маегинде кыймылдын лидери Руслан Адылов бөлүштү.

Анын айтымында бүгүнкү күндө алардын бирикмесине кээ бир жарандар терс көз карашта, анткени, буга чейин кыймылдын мүчөлөрү мыйзамсыз акцияларга катышкан учурлары орун алган.
- Мен «Кырк чоронун» лидерлигине келгенге чейин кыймылдын мүчөлөрүнүн терс аракеттери байкалган, биз муну моюнга алабыз, - деди Адылов. - Мисалга, алар «Таатандагы» караокеге кирип барышканын айтсак болот. Алар эшиктерди сындырып, жеке аймакка кирип барууга эч кандай укуктары жок болчу. Анда балдар бардыгын эмоция менен жасашчу, бирок, мен жоопкерчиликтү өзүмө алып алар кандай максатта эмне кылышканын айта албайм.

Абалды өзгөртүү максатында «Кырк чоронун» мүчөлөрү кайрымдуулукка өтүүнү чечишкен.

- Азыр биз бул жагдайды оңдоп, адамдардын кыймылга болгон көз карашын өзгөртүүгө ниеттенүүдөбүз, - деп тактады Адылов. - Тарыхта «Кырк чоро» баатырлар болгон. Бүгүн алардын атын жамынып айрымдар башаламандык кылбашы керек. Биз баатырбызбы, демек элди ойлоп, жакшы иштерди жасайлык. Биз башаламандык кылгыбыз келбейт, кайрымдуулуук менен алектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошсок дейбиз. Бизде каржылоо жок, бирок, кол сунууга даяр жаш жигиттер абдан көп. Башкача айтканда, эгерде кимдир-бирөөгө жардам керек болсо, ошол эле ашар өткөрсө болот дегендей.

Буга чейин Vesti.kg сайтына берген маегинде Руслан Адылов кыргыз менталитетинде авторитеттүү көз караш бар экенин билдирген.

- Биз эркек башкаруучу, аял үйдө отуруш керек деген көз караштан арылышыбыз керек, - деген ал.

Эске салсак, кечээ Адылов Жеңиш аянтында аялдарга кол салгандар алардын кыймылынын мүчөлөрү эмес экенин айткан.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх