Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тата Улан тынчтык акциясында: Аялдарды көк ала кылып ур-токмокко алуу туура эмес (видео)

Белгилүү ырчы аялдардын укуктары көбүнчө эркектердин тарбиясынан көз каранды деп эсептейт

Ата мекендик ырчы Тата Улан Бишкекте бүгүн өтүп жаткан аялдардын укуктарын коргоого арналган акцияга катышты. Ал энелердин, өмүрлүк жарлар менен кыздардын укуктарын тебелөө кандай учурда токтоорун айтты.

«Биздин элдин илгертен келаткан өзүнүн салттары бар. Биз азыр 21-кылымда жашап жатабыз. Биз, кыргыздар дайыма аялдардын укуктарын коргоп келгенбиз жана азыр дагы коргойбуз. Аялдарга канчалык сый мамиле кыларыбыз биздин менталитет жөнүндө айтат. Бизде аялдардын орду кандай болушу керектиги жөнүндө өзүбүздүн көз карашыбыз бар. Аялдардын орду деген жаман сөз эмес. Бизде аялдардын орду - эң биринчи ирет бул эне. Биздин ар бирибиздин биз даңктаган энебиз бар. Биздин көчмөн эл дайыма энелерди баалап келген. Аялдарды көгала кылып ур-токмокко алуу туура эмес. Менин пикиримде аялдардын укуктарын коргоо үчүн биринчи ирет эркек намыстуу болушу керек. Ушул учурда ал аялын, энесин, кыздарын коргойт. Мен мактангым келбейт, бирок, өз үй-бүлөмдү кандайча коргоорумду айтып берейин.Кудайга шүгүр, аялым үйдө отурат, иштебейт. Бирок, мен муну менен анын укуктарын кордогон жокмун. Бул менин намысым, жакшы көргөн жарымды багышым керек», - деди Тата Улан.

Эльдос Казыбеков
Медина Купсулдаева
Фото, видео Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх