Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматова митингде: КРнын жаштары аялдардын укуктары урматталбаган коомдо жашагысы келбейт

«Бийликтеги бир дагы аял 8-мартта болуп өткөн окуя боюнча үн каткан жок»

Кыргызстандын жаштары аялдардын укуктары урматталбаган коомдо жашагысы келбейт. Мындай пикирин Бишкекте өткөн бүгүнкү митингдин жүрүшүндө ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматова Vesti.kg сайтына билдирди.

«Соцтармактардан кол салуулар, милиция тарабынан кармоолор орун алганын окудум. Жекшемби күнү эки кызымды алып, Ленин РИИБне кармалгандарга колдоо көрсөтүү максатында бардым. Бул окуя, эл аралык ЖМКлардын маршты кандай өңүттө чагылдырганы - Кыргызстан баса турган жол эмес. Биз демократиялык баалулуктардан, адам укуктарынын урматталышынан четке чыгып жатабыз. Адамдар улуттук баалулуктарды жамынып бийликти кармап калуу тенденциясы жүрүүдө, менимче. Кыргызстандын жаштары аялдардын укуктары урматталбаган коомдо жашагысы келбейт. Бир дагы аял депутат, бийликтеги бир дагы аял 8-мартта үн каткан жок. Алар кармалган аялдардан кабар алуу үчүн келишкен жок», - деди Айтматова.


Эльдос Казыбеков
Медина Купсулдаева
Гулиза Чудубаева
Фото, видео Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх