Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Антимингдин катышуучулары: «Силерди 8-мартта сабап эң туура кылышкан, таш баранга алыш керек болчу! Мутанттар!» (видео)

Тынчтык акциясына каршы чыккан аялдар Роза Отунбаеванын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышты

Бишкекте аялдардын укуктарына арналган 8-марттагы жүрүштүн үзгүлтүккө учурашына нааразы болгон жарандардын катышуусундагы тынчтык митинги жыйынтыкталды.

Акцияда бүгүнкү чогулуштун идеялары менен ураандарына каршы чыккан улуттук кийим кийген адамдар байкалды.

Алардын бири - өзүн Баткен облусунан келген укук коргоочу жана пенсиядагы мугалим катары тааныштырган Пазилат Тажибаева 8-марттагы жүрүштүн катышуучуларына кол салган эркектер эң эле туура кылышкан деп эсептейт.

«Мен телевизордон акцияны көрүп, абдан нааразы болдум. 8-мартта марштын катышуучуларын «Кырк-Чоронун» мүчөлөрү сабашты. Эң эле туура кылышкан. Эркектер аялдарды башкарышы керек. Кайсы укуктар жөнүндө айтып жатышат? Эч кимдин укугу тебеленген жок. Эгерде мындай учурлар болсо анда укук коргоочуларга кайрылышсын», - деди ал.

Мындан сырткары, ал буга чейин болуп өткөн «Feminnale» көргөзмөсү боюнча дагы нааразычылыгын билдирди.

«Көркөм-сүрөт музейинде көрсөтмө болуп, анда жылаңач кызды көрсөтүштү. Кыргыздар качан ушинтип чечинүшчү эле? Биз Роза Отунбаеваны биздин лидер деп саначубуз, ал болсо буларды коргоп чыкты. Көргөзмөнү уюштургандар менен кошо ал дагы өлкөдөн чыгып кетсин», - деди Тажибаева.

Бүгүнкү митингге ошондой эле маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын Бүбайша Арстанбекова дагы баш бакты.

«Мен атайын митингге келген жокмун, жөн гана бул жерден өтүп бараткам. Бирок, акция тууралуу билгем жана соцтармактарда өз пикиримди активдүү билдирип жүрөм.

Бул жерде үч нерсе бар. Чындыгында эле, аялдардын укуктары тебеленип жатат, аларды өлтүрүп, өрттөп койгондор бар. Бирок, муну колдонуп 8-мартта аялдардын майрамыдык маанайын бузуу туура эмес. Транспаранттарды колго алып алып, трансгендерлер менен лесбиянкалардын төрөбөйбүз, чай куйбайбыз дегендери туура эмес. Бул дагы туура эмес.

Күйөөгө чыгабы-жокпу - ал анын жеке иши. Муну бүткүл коомго таңуулаган болбойт. Андыктан, президент буга өз баасын бериш керек деп ойлойм.
Бийлик аялдардын укуктарын коргоо боюнча жумуш алып барышы керек. Ал эми укуктары тебеленгендер көйгөйлөрүн тартип коргоо органдарына кайрылып, мыйзам чегинде чечишсин», - деп белгиледи ал.

«Ала-Тоо айымдары» кыймылынын мүчөсү катары өзүн тааныштырган Жыпаргүл Барбыбаева акциянын катышуучулары менен кайым айтышты.

Эске салсак, ал башка активист айымдар менен кошо модераторлор сүйлөп жаткан аянтчага билдирүү жасоо үчүн барган. Бирок, аялдардын укуктарына арналган митингдин катышуучулары аларды «Уят!» деп кыйкырып кууп жиберишкен.

Жыйылган элдет четке чыккан соң ал 8-марттагы тынчтык митингинин катышуучуларын камоону суранып, милицияга кайрылышканын айткан.

«Марш күнү кол салышты деп жатасыңар. Силерди таш баранга алыш керек болчу. Салттарыбызды сактагыңар келбесе башка өлкөлөргө кеткиле. Биз силерге билет сатып беребиз!», - деди ал.

Барыбаева ошондой эле бүгүнкү митингге келгендердин бардыгынын даректерин таап, түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн билдирген.

Самат аттуу эркек адам да нааразычылыгын жашыра алган жок. Ал 8-мартта аялдар эмес, мутанттар чыкканын айткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх