Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта коронавирус пайда болгону тууралуу маалыматты тараткан аялдардын өздүгү аныкталды

Милиция аталган факт боюнча текшерүү баштады. Эки жаран тең кечирим сурады

Талас облусунда милиция кызматкерлери Whatsapp мессенжеринде Кара-Буура аймактык ооруканасына Түркия жарандары келип түшүп, аларда коронавирус аныкталганы тууралуу маалымат тараткан эки аялдын өздүгү аныкталганын Vesti.kg сайтына Талас облусунун ОИИББ билдиришти.

Алардын бири буга чейин кыргыз элинен кечирим сураган Ж.М. аттуу Таластын жашоочусу болуп чыкты.

«Бир нече күн мурда мен такталбаган маалымат менен аудио билдирүү жибергем. Ар кандай группадан келип жаткан ушактарды текшербей жиберип алдым. Таласта коронавирус жок. Түрк жарандары ооруканага түшкөн эмес экен көрсө, Башка мамлекеттерден келген жарандар текшерүүдөн өтүшүүдө. Кечирим сурайм», - деди кыргызстандык

Милиция Кара-Буура аймактык ооруканасына коронавирус жуктурган адамдар түшпөгөнүн билдирди.

Мындан сырткары, Талас облусунун ОИИББ жалган маалымат тараткан экинчи аялдын дагы өздүгүн аныктады. Ал Манас районуна караштуу Баласары айылынын 1984-жылы туулган жашоочусу экени аныкталган. Белгиленгендей, үй кожойкеси маалыматты текшербей туруп таратып жиберген.

«Мен Өмүрова Назира, Манас районунун жашоочусу болом. Whatsapp аркылуу Түркиянын жарандары коронавирус менен ооруканага жаткырылганы жөнүндө такталбаган маалымат таратып жибергем. Кыргыз элинен кечирим сурайм», - деген аял.

Милиция аталган факт боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү башталганын белгиледи.

Талас облусунун ОИББсы жарандарды такталбаган маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.

Фото www

 

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх