Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын мектептери коронавируска байланыштуу карантинге жабылабы? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

Көптөгөн маданий-массалык иш-чаралар токтотулду

Кыргызстанда мектептер менен бала бакчалар коронавирус коркунучунан жабылбайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

- Билим берүү мекемелери ишин токтотпойт, анткени, өлкөдө коронавирус жуктуруу учуру каттала элек, -деп такташты алар.

Ал ортодо Кыргызстанда коронавирус кооптуулугунан Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөй турган болду.

Ошондой эле, Vesti.kg сайтына белгилүү болгондой Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган концерттер да жылдырылды.

- Мындай чечим Маданият министрлиги тарабынан кабыл алынды. Саламаттыкты сактоо министрлиги болгону коңшу мамлекеттердин тажрыйбасы менен мадания-массалык иш-чараларды чектөөнү сунуштаган.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 104 өлкөсүндө коронавирус катталганы белгилүү. Жуктургандардын саны 109 миң адамдан ашат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх