Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мектеп окуучуларынан майрамга салат алып келүүнү талап кылган мугалим жумуштан алынды

Окутуучу Билим берүү министрлигинин мыйзамсыз акча каражатын чогултуугу тыюу салуу боюнча буйругуна баш ийбегендиги үчүн жазаланды

Кара-Кулжада окуучулардан майрамга карата мугалимдерге дасторкон уюштурууну талап кылган Баки Эшматов орто мектебинин мугалими жумуштан алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Саламаттыкты сактоо министрилигинен кабарлашты.

- Аталган окуя боюнча текшерүү жүргүзүп, мугалимдин аракеттерин юридикалык баа берилди, - дешти мекемеде. Окутуучу Билим берүү министрлигинин мыйзамсыз акча каражатын чогултуугу тыюу салуу боюнча буйругуна баш ийбегендиги үчүн жазаланды.

Мындан сырткары, мектептин мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Билим берүү мекемесинин директоруна дагы тартиптик чаралар көрүлдү.

Эске салсак, 9-мартта социалдык тармактарда 8-мартка окуучулардан майрамдык дасторкон уюштууруну талап кылып жаткан мугалим жөнүндө видео тараган. Ал окуучуларга «жок дегенде салат» алып келүүгө милдеттендирген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх