Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жалпы жарандык паспортту эми 6 күнгө тезирээк алууга болот

Каттоо кызматы коронавируска байланыштуу чек араны ID-карта менен басып өтүүгө убактылуу тыюу салганына байланышуу жалпы жарандык пасорттуу берүүнүн мөөнөтүн кыскартты

Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылдын 1-мартынан тарта КРнын өкмөтү тарабынан өлкө аймагына коронавирустун кирип, жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында мамлекеттик чек араны ID-карта менен басып өтүүгө убактылуу тыюу салганына байланышуу жалпы жарандык пасорттуу берүүнүн мөөнөтүн 18 күндөн 12 күнгө кыскартты.

Ошентип, эгерде жарандар жалпы жарандык паспортту кадимки тартипте 18 күндө алышса, эми 6 күнгө эртээрек ала алышат. Мында кошумча акы алынбайт.

Жарандарга өз убагында паспорт менен камсыз кылуу, кезекке тургандардын санын азайтуу максатында мамлекеттик персонификация борбору күчөтүлгөн тартипте - күндүзгү жана түнкү нөөмөттө иштеп жатат.
Бардык суроолор боюнча МККнын «119» кыска номуруна чалсаңыздар болот, чалуу акысыз.

Эске салсак, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкекте дем алыш күндөрү да иштеген үч кичи Калкты тейлөө борбору иштейт.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх