Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү актер Том Хэнкс коронавирус жуктуруп алды

Артист анын жубайы да ооруп жатканын билдирди

Бүткүл дүйнөгө таанымал америкалык актер Том Хэнкс коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Анын айтымында анализдер анын жубайында да коронавирус бар экенин көрсөткөн.

«Салам, достор. Рита экөөбүз азыр Австралиядабыз, - деп тактаган Том Хэнкс. - Биз өзүбүздү кичине чарчаңкы сезип, денебиз да ооруксунуп жатат. Рита маал-маалы менен чыйрыгууда. Бизди коронавируска текшеришип, жыйынтыгында бул оору бизде бар экени айкын болду».

Эске салсак, буга чейин чет элдик ЖМКлар белгилүү актер Жеки Чан коронавирус боюнча карантинге алынганын жазышып, бирок, кийинчерээк артист бул маалыматты четке каккан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх