Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары унааларын дезинфекция кылууга акча төлөп жатышабы? (видео)

«Күн сайын дезинфекцияга 91 сом төлөп жатам» деп арызданган айдоочунун видеосу тарады

Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары коронавирустун алдын алуу максатында унааларын дезинфекциялык тазалоодон өткөрүү үчүн акча алып жатышканына арызданышты.

Бүгүн социалдык тармактарда тараган видеодо маршруттук каттамдардын ар бир айдоочусунан күнүнө 91 сом талап кылып жатышканы айтылган.

Белгилүү болгондой, коомдук транспортту хлор камтылган кошулма менен дезинфекциялоону санэпидемстанциянын кызматкерлери өткөрүшүүдө.

{jcomments off} Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы дарыгери Айгүл Бейшеналиевага бул боюнча кайрылып, ал автонуунаны тазалоо үчүн айдоочулардан акча алынбаганын ишенимдүү билдирди.

- Компаниялардын жетекчиликтерине биз үч жылдан бери дезинфекциялоо иш-чараларынын керектиги жөнүндө айтып келгенбиз. - Коронавируска байланыштуу ушул жылы бул жаатта иштерди баштадык. Айдоочулардан биз акча алган жокпуз, мындай кылууга укугубуз да жок. Балким, айдоочулар эмгек келишимин түзгөн фирмалардын башчылары акча алып жаткандыр.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы автобус менен троллейбустарда дагы дезинфекция жүрүп жатканын маалымдаган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх