Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук гвардиянын 52 жоокери Кызыл аянттагы парадга катышат

 Мындан сырткары, Аскердик институттун курсанттары Екатеринбург шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларга чакырылды

Москва шаарынын Кызыл аянтында өтө турган Жеңиш парадына Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 52 жоокери катышууга барат. Бул тууралуу КРнын ККнүн Башкы штабынан билдиришти.

- Москвага Улуттук гвардиянын жоокерлери гана барат, мындан сырткары К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институттун курсанттары Екатеринбургдагы парадка катышышат, - деп билдиришти мекемеде. - Калган бардык күчтөр Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чараларга тартылат.

Ал ортодо Каттоо кызматы Улуттук гвардиянын солдаттарына Москвага баруу үчүн документтерин даярдап жатышканын маалымдашты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх