Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Германиядан келген Аида Касымалиева: Дене табым көтөрүлгөн жок, жөтөлгөн жокмун

ЖКнын вице-спикери менен депутат Абдыбек Дюшалиев эки жумага үй карантинине алынышты

Германияга иш сапары менен барып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева эки жумага үй карантинине алынды. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

- Мен жана депутат Абдыбек Дюшалиев Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери менен чогуу 8-мартта учуп кеткенбиз, - деди вице-спикер. - Бул Бундестагдын чакыруусу менен парламент аралык кызматташуу алкагындагы иш сапары болчу. Жолугушуу үч жыл мурда пландалган. Албетте, биз өлкөдөн чыгууга болобу деп көпкө ойлондук, кеңештик. Биз барган маалда Берлинде абал туруктуу болчу, бирок, биз баргандан бир-эки күндөн кийин абал курчуп кетти. Биз билеттерди алмаштырып, биринчи эле рейс менен кайра учуп келдик. Жолугушуулар өттү. Бирок, кээ бирлери болбой калды. Биз эки-үч күн эрте келдик.

Парламент мүчөсүнүн айтымында Европада абал тынч.

- Транзит менен Стамбул аркылуу өттүк, ал жакта деле абал тынч, - деп сөзүн улантты Касымалиева. - Европада бет капчан элдер аз. Коомдук жайлардын бардыгынды санитардык суюктуктар менен унаалар турат. Германияда күнүгө эртең менен брифингдер өтүп турат экен.Кыргызстанда текшерүү абдан тыкыр өттү. Менимче, штаб абдан жакшы иштеп жатат. Жазуу алгоритмдери абдан так. Үй карантини деген эмне, биринчи категория деген эмне сыяктуу маалыматтар улап жаңырып турат.

Аида Касымалиева учурда абалы туруктуу экенин белгиледи.

- Эртеңден баштап Европадан келген адамдар обсервацияга жөнөтүлөт, - деди ал. - Демек, кескин чаралар көрүлүп жатат. Бизге инструктаж беришти. Тепловизор менен текшеришти. Мазок алышты. Жыйынтыктарды күтүп жатам. Абалым жакшы. жөтөлгөн жокмун, дене табым жогору эмес. 10-12 күндөн кийин кайра анализ тапшыруу керек.

Вице-спикерден сырткары эки жумалык үй карантинине ЖК депутаты Абдыбек Дюшалиев да алынды.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх