Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте алып сатарлар эки кап унду 4 минге сатып жиберишкен. Финполиция кызматкерлери анын 1200 сомун кардарга кайра кайтартып беришти (видео)

 Сатуучулар бир кап унга 600 сом кошуп жиберишкен

Бишкектеги базарлардын биринде ЭКККМКнын кызматкерлери эки кап унду 1200 сомго кымбат сатып алган эжеге жардам беришти.

Facebook социалдык тармагында жарыяланган видеодо кыргызстандык аял 2 кап унду 2 миң сомдон сатып алганын айтып берген.

«Кетип бара жатып «финполициянын» балдарына кезигип калдым, алар менен чогуу сатуучуга кайра келип, алар мага 1200 сомду кайра кайтарып беришти. Көрсө бир кап ун 1400 сом турат экен», - деп айтып берген ал.

Эске салсак, кечээ Бишкек мэриясы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын, Салык кызматынын өкүлдөрү менен бирге азык-түлүккө болгон бааны жасалма кымбаттатып жибергендердин аныктоо максатында шаардын базарларын кыдырып чыгышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх