«Кыргыз темир жолу» эл аралык каттамдагы жүргүнчү ташыган бардык поезддерин токтотту
Билет алып койгон жүргүнчүлөргө акчасы толугу менен кайтарылат
Казакстанда өзгөчө кырдаал абалы киргендигине байланыштуу 2020-жылдын 17-мартынан тарта «Кыргыз темир жолу» ишканасынын эл аралык каттамдагы жүргүнчү ташыган бардык поезддеринин иши токтотулду:
Поезд № 17/18 Бишкек-Москва
Поезд № 305/306 Бишкек-Казань
Поезд № 385/386 Бишкек-Новосибирск
Билет алып койгон жүргүнчүлөргө акчасы толугу менен кайтарылат.
Бишкек-Мерке каттамы Кайыңды станциясына чейин кыскартылды.
Ал эми өлкө ичиндеги Бишкек-Токмок, Бишкек-Кара-Балта каттамдары өзгөрүсүүз иштей берет.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз