Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан коронавируска байланыштуу чет элдиктер үчүн убактылуу чек арасын жабат

Ресторандар ишин токтотуп турууга милдеттендирилет, ал эми коомдук тамактануу жайларына тамак-ашты үйгө жеткирип туруу сунушталды

Өкмөт чет элдиктердин Кыргызстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө койду. Бул тууралуу брифингде өлкөгө коронавирустун киришине жол бербөө боюнча мамлекеттик штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова билдирди.

- Жүк ташууларга карата бул эреже жайылбайт, - деп белгиледи ал. - Учурда Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдиктер өлкөдөн чыгып кете алышат, ошондой эле биздин чет жактагы мекендештерибиз дагы мекенине тоскоолдуксуз кайтып келе алышат. Бирок, мындан ары Кыргызстанга келгендер коронавирустун бир эле мисалы катталган өлкөдөн келишкен болсо, алар карантинден өтүүгө милдеттү болот. Үй карантине алынган кыргызстандыктар дарыгерлердин көзөмөлүнө болот.

Муну менен бирге Өмүрбекова Штаб маданий-массалык иш чараларга тыюу салып, 50дөн көп орундуу коомдук тамактануу жайларын жабууну чечкенин кошумчалады.

- Ресторанда тамак-ашты кардарлардын үйлөрүнө жеткире алат, - деди ал. - Буга чейин биз иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштаганбыз, эми аларга тыюу салынды. Өкмөттүн токтомдору жакын арада даяр болот.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх