Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандын борбору карантинге жабылышы мүмкүн

Бул коронавирус жуктургандардын санынын кескин жогорулашына байланыштуу

Нур-Султан шаары карантинге жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип мамлекеттик телеканалдардын биринде өткөн ток-шоунун эфиринде билдирди.

«Бийлик Нур-Султанды коронавирус жуктургандардын санынын кескин жогорулашына байланыштуу жабышы мүмкүн», - деди ал.

Кийинчерээк Ахметшарип бул маалыматты Vesti.kg сайтынын Нур-Султандагы кабарчысына тастыктады.

«Ооба, акимат чечип жатат», - деп жооп берди ал.

Айнур Коскина
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх