Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус жуктурган кыргызстандыктар учактан түшкөндөн кийин текшерилген эмес

Саламаттыкты сактоо министрлиги мунун себебин түшүндүрдү

Коронавирус аныкталган кыргызстандыктар Сауд Арабиясынан учуп келгенден кийин текшерилген эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Саламаттыыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Мекеменин билдиргенине ылайык, алар үчүнчү категориядагы өлкө деп эсептелген Сауд Арабиясынан келишкен.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын өкмөтү коронавирус бар өлкөлөрдөн мекенине келгендерди үч категорияга бөлгөн: Үчүнчү категорияга: Сингапур, Австрия, Дания, САР КНР Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, БАЭ, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Арабиясы кирген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги учуп келгендер текшерүүгө алынбаганын, анткени үчүнчү категорияда эреже боюнча текшерүү жүргүзүлбөй турганын такташты.

- Алар үйүндө болушу керек, ал эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери учуп келгендер менен телефон аркылуу байланышууга тийиш, - деп түшүндүрүштү мекемеде. - Дарыгерлердин ушундай телефон чалуусунда бейтаптар өздөрүн начар сезип жатышканын айтышкан.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч киши аныкталган. Үч бейтап тең Сузак районунун жашоочулары, алар жакында эле Сауд Арабиясынын умрадан кайтып келишкен.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх