Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Мамашова: Казакстан менен Россиянын ортосундагы чек арада 300дөн ашык кыргызстандык чыга албай калды

КР жарандары жакындары менен байланыша албай жатышат. ЖК төрагасы өкмөт аларга жардам берүүгө даяр экенин билдирди

ЖК депутаты Айсулуу Мамашова парламенттин жыйынында 300дөн ашык кыргызстандык Казакстан менен Россиянын чек арасында калып калганын билдирди.

- Коронавируска байланыштуу Оренбург облусунда 300дөн ашык биздин жарандарыбыз Казакстан менен Россиянын ортосунда калып калышкан, - деди эл өкүлү. - Өкмөттөн кыргызстандыктарга жардам берүү үчүн элчиликтер менен байланышуусун суранам. Алар туугандары менен байланыша албай, эч жакка чыга албай жатышат.

Буга төрага Дастан Жумабеков өкмөт бул маселе боюнча аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

- Бизге мындай маалымат кечээ түшкөн, - деди төрага. - Учурда бул көйгөйдү чечүү маселеси каралып жатат. Учак же башка транспорт каражатын жалдап, керектүү жардам көрсөтөбүз. Эгерде, алар мекенине кайтып келүүнү каалашса, бул жакка жеткирүүгө бардык шарттар бар.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх