Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Салымбеков 100 000ден ашык медициналык бет кап алууга каражат бөлөт

Жардам «Тазалык» муниципалдык ишканасына да берилет

«Дордой» ассоциациясы Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча мамлекеттик штабга 100 миң медициналык бет кап сатып алуу үчүн каражат бөлөт. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында ассоциациянын президенти, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков билдирди.

Ошондой эле ал «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери үчүн 3 миң бет кап алууга акча бөлөрүн кошумчалаган.

Салымбеков буга чейин ассоциация бет каптар тартыш болгондугуна байланыштуу, Кытайга жардам көрсөтө албай калганын белгилеген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх