19-марттан тарта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат
Жакынкы арада шаар мэринин тийиштүү буйрукка кол коюшу күтүлүүдө
19-марттан тарта Бишкекте жылуулук берүү өчүрүлө баштайт. Мындай чечим бүгүн кабыл алынганы маалым болду. Борбор калаа мэри жакынкы аралыкта 2019-2020-жылдын жылуулук берүү сезонунун аягына чыккандыгы боюнча буйрукка кол коет.
Кабыл алынган эрежелерге ылайык, керектөөчүлөргө жылуулук берүү аба температурасы 5 күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда токтотула.
Бишкек мэриясы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз