Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Космосбек Чолпонбаев: Биз Ганси базасындагы казармаларды жууп тазаладык. Албетте, мейманкана эмес, бирок, даараткана менен душ бар

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы жарандарды обсервациядагы шарттарга чыдап турууга чакырды

Жакынкы арада Кыргызстанда коронавирусту аныктоо боюнча көчмө лабораториялар иштеп баштайт. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

- Учурда бардык лабораториялар күнү түнү иштеп жатышат, - деп белгиледи ал. - Бирок, биз аймактар боюнча көчмө лабораториялардын жүрүп туруусунун үстүндө иштеп жатабыз. Бет каптар боюнча маселе дагы жакын арада чечилет. Азырынча дарыканаларда бир кишиге уч даанадап көп берилген жок.

Муну менен бирге журналисттер Чолпонбаевге обсервациядагы адамдардын начар шарттарга болгон нааразычылыктарын эске салышты.

- Аыр бизге өлкөнүн бардык жашоочуларынын саламаттыгы биринчи орунда экенин түшүнүп, кичине чыдап коюшубуз керек, - деди ал. - Обсервация үчүн жайларды биз январь айында даярдап баштаганбыз. Ганси базасындагы казармаларды жууп тазалап чыктык. Ал жер албетте, мейманкана же үйдөй эмес, бирок, даараткана, душ бар. Жашаса болот. Карантиндеги адамдар тамак-аш менен да камсыздалган. Дарыгерлерибиз болсо күнү-түнү иштеп жатат.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх