Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус жуктурган адамдын жубайында оорунун белгилери жок

 Мухаммедкалый Абылгазиев бейтаптар үчүнчү категориядагы өлкөдөн келишкенин билдирди

Коронавирус жуктурган үч кыргызстандык тең үчүнчү категориядагы өлкөдөн келишкен, ошондуктан обсервацияга жиберилишкен эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өлкөлөр үч категорияга бөлүнгөн: биринчи категориядагы мамлекеттен келгендер обсервацияга алынышчу, экинчи категориядагылар - үй карантининде, ал эми үчүнчү категориядагылар дарыгерлердин көзөмөлүндө гана болушкан, - деп түшүндүрдү өкмөт башчы. Коронавирус аныкталган Кыргызстандын үч жараны үчүнчү категорияга кирген Сауд Арабиясынан келишкен.

Абылгазиев оорунун белгилери дарыгерлердин пландык кароосунда аныкталганын белгиледи

- Бейтаптар байланышта болгон адамдардын бардыгы аныкталып, учурда карантинге алынышты, - деди премьер. - Мисалга, вирус жуктургандардын биринин жубайынын анализи анда коронавирус жок экенин көрсөттү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх