Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ЦУМдан башка соода борборлордун бардыгы кадимки тартипте иштешүүдө

Мекемелердин администрациялары өкмөттүн расмий токтомун күтүп жатышат

Кечээ «Айчүрөк» соода борбору коронавируска байланыштуу карантинге жабылды. Бирок, борбор калаада жайгашкан башка соода борборлору мындай чечим кабыл алыша элек. Буга байланыштуу Vesti.kg «ГУМ Чынар» соода борборуна кайрылып, алар учурда кадимки тартипте иштеп жатышканын билдиришти.

- Учурда ГУМ иштеп жатат, - деп жооп берди Vesti.kg сайтына соода борборунун түз байланышында иштеген кызматчы. Бизде азырынча жабылуу боюнча буйрук жок. Балким, өкмөттүн токтомуна байланыштуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Vesti.kg ошондой эле Bishkek park соода борборуна да кайрылды. Бул мекеме дагы кадимки режимде иштеп жатканын жана азырынча мекемени карантинге жабуу боюнча буйрук алыша электигин айтыштыт.

Ал эми «Red Centre» соода борбору мекеменин жабылышын ижарачылардын ыктыярына калтырган.

- Биз азырынча иштеп жатабыз, - дешти соода борборунун администрациянан Vesti.kg сайтына. - Чечимди ижарачылардын жеке ыктыярына калтырдык. Кечээ бизде талкуу болгон: айрым соодагерлер иштегиси келсе, башкалары жабылууну каалашты. Биз азыр өкмөттүн расмий токтомун күтүп жатыбыз.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх