Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин кафе жана ресторандарында бүгүнтөн тарта 50дөн ашык адам чогуу отурууга болбойт

Өкмөт бардык көңүл ачуучу жайлардын, интернет клуб, кинотеатр, театр, музей ж.б. жабуу боюнча токтом чыгарды

Бишкекте расмий негизде өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин бардык иш-чаралар жана бир катар мекемелердин ишмердүүлүгү токтотулду. Тийиштүү токтом бүгүн өкмөт тарабынан кабыл алынган.

Бардык маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскерүү иш-чаралары абал жакшыргычакты токтотулду. Бардык көңүл ачуучу жайлар, балдардын оюн зоок аянтчалары, интернет клубдар, соода борборлорундагы фудкорттор, кинотеатр, театр, музей, көргөзмө залдар жана галереялар жабылууга тийиш.

Кафе жана ресторандарда 50дөн ашык адам чогулган кечелерге тыюу салынды. дене-тарбиялык - ден-соолук чыңдоочу борборлор, спорттук секциялар, коомдук мончолор, сауна жана бассейндер дагы өз ишин токтотууга милдеттүү

Бардык жерде колдорду тазалоо үчүн санитайзерлер, бөлмөлөр менен залдарда аба тазалагычтар орнотулуп, кызматкерлер менен коноктор бардык керектүү дезинфекциялык каражаттар менен камсыздалышы керек. Ошондой эле, албетте КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык сунуштарын толук аткаруу абзел.

Маанилүү! Урматтуу ата-энелер, чоң ата-чоң апалар, эже-байкелер! Мектептер карантинге жабылганына байланыштуу балдарды компьютердик клубдарга, көңүл ачуучу борборлорго жибербөөнү көптөн көп суранабыз.

Бишкек мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх