Эмнеге Бишкекте медициналык бет кап сатып алуу үчүн паспорт көрсөтүү керек?
Мамлекет бир адам канча даана бет кап сатып алса болорун жана анын баасын бекитти
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаменти дарыканалардын ээлерине медициналык бет каптарды кардарлар паспортторун көрсөткөндөн кийин гана сатууну сунуштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
- Дарыканалардын ээлерине мындай сунуш менен расмий каттар жиберилди, - деп билдиришти мекемеде. - Мындай чара бир адамдын көптөгөн сандагы бет кап сатып алуусуна жол бербөөгө багытталган.
Буга чейин КРнын COVID-19 боюнча Мамлекеттик штабы көптөгөн өлкөлөр бет каптар менен антисептикалык каражаттардын экспортуна тыюу салганын маалымдаган.
«Кыргызстанда бет каптардын жергиликтүү өндүрүшү жолго салынды, - деп эске салышты штабда. - 17-18- мартта бүткүл республика боюнча 630 миң даана бет кап жеткирилген. Дефицит жарандар аларды абдан көп санда сатып алып жатканынан келип чыгууда. Бүгүн бет каптарды 10 сом өлчөмүндөгү бекитилген баада, бир колго 3 даанадан көп сатпоо боюнча чектөө коюлду».
Фото www